Алыкул Осмонов атындагы Улуттук китепканага быйыл 90 жыл болду. Учурда китепкананы заман талабына жараша өзгөртүү, мультимедиялык шарттарды түзүп, техникалык абалын жакшыртуу маселеси жаралууда. Анткени дүйнө такыр башка динамикада өзгөрүп жатат.
“Күн Башат” программасынын мейманы Айнура Аскарова китепкананын учурдагы абалын, алдыга койгон пландары, жасалып жаткан иштер тууралуу кенен айтып берди.