Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы

Россия ТИМи: Киев өз алдынча өзөктүк курал жасап чыгара албайт

РФ ТИМинин имараты. Архив
Sputnik
БИШКЕК, 25-дек. — Sputnik. Россиянын Тышкы иштер министрлигинин расмий өкүлү Мария Захарова брифингде Киев башка мамлекеттерден компоненттерди албаса өз алдынча өзөктүк курал жасап чыга албай турганын билдирди. Бул тууралуу РИА Новости агенттиги жазды.

"Киев режими бир нече апта ичинде өз алдынча өзөктүк курал жасап чыгара аларын айтууда, бул ишке ашпай турган нерсе", – деген ал суроого жооп берип жатып.

Захарованын айтымында, Украинада өзөктүк куралды чыгаруу бир гана шартта, өлкө сырттан, башка мамлекеттерден керектүү компоненттерди алган учурда гана мүмкүн.
"Негизи киевдик режим өзөктүк куралга жабышып албай жылытуу мезгилиндеги көйгөйлөрүн чечсе болмок, башкы орунда калкын үшүтпөө, курсагын тойгузуу турат эмеспи", – деп кошумчалаган ал.
Россия президенти Владимир Путин. Архив
Путин өзөктүк куралды ооздуктоо жаатындагы мамлекеттик саясаттын негиздерин бекитти