Кыргызстан ЕАЭБде чекене соода көлөмүнүн өсүшү боюнча лидер болду

Sputnik
БИШКЕК, 24-дек. — Sputnik. Кыргызстан ЕАЭБде чекене соода көлөмүнүн өсүшү боюнча лидер болду. Мындай жыйынтык ЕЭКтин маалыматтарын изилдөөдө келип чыккан.
Январь-октябрь айларында ЕАЭБде чекене соода көлөмү орто эсеп менен 7,8 пайызга өстү.
Өлкөлөр боюнча өсүү төмөнкүчө бөлүндү:
Кыргызстан — 13,4 пайыз;
Беларусь — 11,8 пайыз;
Казакстан — 8,7 пайыз;
Россия — 7,5 пайыз;
Армения — 4,1 пайыз.
Кыргызстан ак майдын экспортун 1,5 эсеге көбөйттү, көбү ЕАЭБге жөнөтүлгөн