Радио

Кушубакова: оюнчук аларда сатуучудан сертификат талап кылуу керек

Ооруларды алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл департаментинин балдар жана өспүрүмдөрдүн гигиенасы бөлүмүнүн адиси Мария Кушубакова оюнчук аларда анын коопсуздугуна маани берүүнү айтты.
Sputnik
Оюнчуктар үч жашка чейинки балдардын саламаттыгы үчүн кооптуу. Бул куракта ымыркай оюнчукту оозуна салып ойногондуктан уулуу заттар организмге топтолуп, жылдар өткөндөн кийин оор илдеттерге алып келерин Мария Кушубакова Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, ата-энелер оюнчук алып жатканда анын сапатына көңүл бурбайт.
"Биз жыл сайын Жаңы жыл майрамы алдында жалпыга маалымдоо каражаттары аркылуу оюнчуктардын коопсуздугу боюнча эскертүү беребиз. Ата-энелерге дайыма оюнчук алардан мурда сатуучудан тастыктоочу кагаз талап кылууну, текшерип көрүүнү айтабыз. Анткени майрамда көпчүлүк баласына сөзсүз оюнчук белек кылат. Бирок анын сапатына көңүл бурбайт. Сатуучудан сертификат талап кылбайт. Оюнчуктун сапатын жытынан, пластмассанын өңүнөн эле байкаса болот. Мисалы, оюнчукту суу колу менен кармап көрүш керек. Эгерде боегу колго жукса, анда анын сапаты начар. Бул талаптарды чет мамлекетте жакшы сакташат. Биз дагы ушундай жөнөкөй эле эрежелерге маани берсек өлкөгө коопсуз жана сапаттуу оюнчуктар алып келинет. ЕАЭБдин "Оюнчуктардын коопсуздугу жөнүндө" техрегламентине ылайык, оюнчук таңгакта болуп, ар бири маркаланышы кажет. Андан чыгарылган өлкөсүн жана эмнеден жасалганын көрүүгө болот", — деди Кушубакова.
Ал ошондой эле ишкерлер өлкөгө оюнчуктарды ЕАЭБдин талабына ылайык импорттошу керектигин кошумчалады.