БИШКЕК, 25-дек. — Sputnik. Электрондук товардык-транспорттук колдонмону (ЭТТК) жоюуга жол берилбейт. Бирок процести жөнөкөйлөтүү боюнча иштер жүргүзүлөт. Бул тууралуу министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев билдиргенин анын маалымат кызматы кабарлады.
Төрага Салык кызматында кеңешме өткөргөн.
"ЭТТКны жоюуга жол берилбейт, бирок бул процессти жөнөкөйлөтүү боюнча иштер жүргүзүлөт. ЭТТК талап кылынган товарлардын тизмесин кайра карап чыгуу зарыл", — деген Касымалиев.
Ал ишкерлер отчет тапшырууда кездешкен кезек күтүү, электрондук системалардын иштөөсүндөгү мүчүлүштүктөр сыяктуу көйгөйлөрдү тез арада жоюуну тапшырган.
Отурумдун жыйынтыгында ЭТТКны киргизүүнүн жана жөнөкөйлөтүүнүн жыйынтыктарын изилдеп, Салык кызматынын ишин өркүндөтүү боюнча сунуштарды иштеп чыга турган атайын комиссия түзүлмөй болду.
Эске салсак, буга чейин Мамлекеттик салык кызматынын башчысы Алмамбет Шыкмаматов беш товардан башкасынан ЭТТКны алып салуу керектигин айткан. Ал эми министрлер кабинетинин башчысынын биринчи орун басары Данияр Амангелдиев ЭТТК жоюлбай турганын, бирок жөнөкөйлөштүрүлөрүн билдирген. Ал эми президент Садыр Жапаров ЭТТКны ири товарларга гана калтырууну карап көрүүнү тапшырган.