КМШ өлкө башчыларынын Ленинграддагы бейформал жолугушуусу кандай өттү. Сүрөттөр

Президенттер бейрасмий форматта баарлашып, эл аралык, аймактык актуалдуу темалар боюнча пикир алмашышкан.
Sputnik
БИШКЕК, 25-дек. — Sputnik. Россиянын Ленинград облусунда КМШ өлкөлөрүнүн лидерлеринин бейрасмий жолугушуусу өткөнүн президенттин маалымат кызматы билдирди.
1 / 5

Россиянын Ленинград облусунда КМШ өлкөлөрүнүн лидерлеринин бейрасмий жолугушуусу өттү

2 / 5

Путин быйыл Россиянын негизги аракеттери Евразия мейкиндигинде интеграцияны өнүктүрүүгө, шериктештиктин аброюн бекемдөөгө, анын аткаруу органдарынын натыйжалуу ишмердүүлүгүн камсыздоого багытталганын белгилеген

3 / 5

Саммитке 7 мамлекеттин лидерлери катышты

4 / 5

Лидерлер мындан ары да социалдык-экономикалык өнүктүрүү, туруктуулук жана коопсуздук маселелерин чечүүнүн үстүндө чогуу иш алып барышарына ишеним артышты

5 / 5

2025-жылдын 1-январынан тартып шериктештикке төрагалык кылуу функциялары Тажикстанга өтмөкчү

Маалыматка ылайык, саммитке Россия лидери Владимир Путин, Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров, Беларусь башчысы Александр Лукашенко, Казакстан президенти Касым-Жомарт Токаев, Тажикстандын башчысы Эмомали Рахмон, Түркмөнстан президенти Сердар Бердымухамедов жана Өзбекстандын жетекчиси Шавкат Мирзиёев катышты.
Анда Путин бул жылы КМШга төрагалык кылуучу өлкө катары Россиянын негизги аракеттери Евразия мейкиндигинде интеграцияны өнүктүрүүгө, шериктештиктин эл аралык аброюн бекемдөөгө, анын аткаруу органдарынын натыйжалуу ишмердүүлүгүн камсыздоого багытталганын белгилеген. Ошондой эле экономикалык алаканы тереңдетүүгө, кызмат көрсөтүүлөрдү толук камсыз кылууга, соодадагы тоскоолдуктарды жоюуга жана бажы жол-жоболорун жөнөкөйлөтүүгө өзгөчө көңүл бурулганын айткан.
Путин КМШ өлкөлөрү мындан ары да социалдык-экономикалык өнүктүрүү, туруктуулукту жана коопсуздукту чыңдоо маселелерин чечүүнүн үстүндө биргелешип иш алып барышарына ишенимин билдирген.
"Андан кийин президенттер Автоклуб жана Автомузей жайгашкан "Игора Драйв" автодромуна барышкан. Ал жерден мамлекет башчылары кышкы спорт оюндарын көрүшүп, "Муз үстүндөгү шоу" көрсөтүүсүнө күбө болушкан", — деп айтылат маалыматта.
2025-жылдын 1-январынан тартып шериктештикке төрагалык кылуу функциялары Тажикстанга өтмөкчү.
Путин: ЖККУ алкагындагы кызматташуу союздаштык мүнөзгө ээ