БИШКЕК, 25-дек. — Sputnik. Германиянын аймагында Украинанын коопсуздугун камсыздоого колдоо көрсөтүү үчүн НАТО борборунун ачылышы альянстын Украина армиясын эле эмес, террордук режимди колдоого түздөн-түз катышуусун билдирет. Бул тууралуу Россиянын Тышкы иштер министрлигинин (ТИМ) расмий өкүлү Мария Захарова айтканын РИА Новости жазды.
ЖМКлар үчүн брифингде Захарова НАТО бул борбордун ишке киргенин буга чейин жарыялаганын белгиледи. Анын айтымында, борбор Киевге Батыш берген бардык аскердик жардамды координациялайт. Анын ичине курал-жарактардын жеткирилиши жана украин аскер кызматкерлерин окутуу да кирет. Ошентсе да альянс жаңжалга кийлигишип жатканын танууда. Захарова НАТОнун Украинадагы чыр-чатакка салымы барган сайын тереңдеп жатканын кошумчалады.