Кыргызстан Перс булуңунун алты өлкөсү үчүн визасыз режим киргизет

Бул аракеттер туристтик агымды жана инвестициялык, ишкердик шарттарды жакшыртууга багытталган.
Sputnik
БИШКЕК, 25-дек. — Sputnik. Кыргызстан Перс булуңунун алты өлкөсү үчүн 2025-жылдын 4-январынан тарта визасыз режим киргизет. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлиги маалымдады.
Билдирмеге ылайык, алар:
Сауд Арабиясы;
Бириккен Араб Эмирликтери;
Катар;
Кувейт;
Оман;
Бахрейн.
Аталган өлкөлөрдөн келген туристтер Кыргызстандын аймагында 180 күн уруксат берүүчү документтерди албастан жүрө алат. Башка максат менен кирген учурда (иштөө, окуу) виза талап кылынат. Бул чаралар туристтик агымды жана инвестициялык, ишкердик шарттарды жакшыртууга багытталганы айтылды.
Кыргызстан Кытайдан келе турган туристтик топтор үчүн визасыз режим киргизди