Өз от казандары болот. Мамкурулуштун башчысы эски имараттарды жаңыртуу тууралуу

Sputnik
БИШКЕК, 25-дек. — Sputnik. Эскирген имараттарды жаңылоо процесси квартал-квартал менен жүргүзүлүшү ыктымал. Бул тууралуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин директору Нурдан Орунтаев билдирди.
Анын айтымында, борбор калаада имараттары эскирген жерлер көп.
"Шаардын архитектуралык өзгөчөлүгү сакталышы керектиги айтылууда. "Хрущевка", "сталинкалар" бир типтүү курулуш болуп саналат. Алардын пайдубалы жок, өздөрү эскирген. Аны сактап калалы десек да сактай албайбыз. Ал эми Ак үй, Каба уулу Кожомкул атындагы спорт сарайы сыяктуу архитектуралык долбоорлорду сактап калышыбыз керек", — деди Орунтаев.
Ошондой эле ал "реновациянын алкагында имараттардын кабаты бийиктесе шаардык коммуникация көтөрө албай калат" деген сынга дагы жооп кылды. Анын айтымында, жаңы курулган үйлөр өз алдынча коммуникацияга ээ болот.
"Учурда жылуулук тармактарына күч келүүдө, анткени эски имараттарда жылуулуктун 50 пайызы коромжу болот. Жаңы технологиялар менен курулса энергоэффективдүү болуп, жылытууга анчалык күч кетпейт. Эгерде муктаждык жаралса курулуш компаниялары автономдуу от казан жана башка коммуникацияларды орнотушат", — деди ал.
Мындан тышкары, учурда реновация боюнча мыйзам жок болгондуктан, бул процессти жөнгө салуу дагы кыйын экенин кошумчалап, курулуш компаниялары долбоорду колдоп жатканын кошумчалады. Ал белгилегендей, 2025-жылы нормативдик база иштелип чыкса, анан гана бул багытта иштер башталышы ыктымал.
Орунтаев: курулуш тармагына лицензия берүүдөн бюджетке 70 млн. сом түштү