БИШКЕК, 25-дек. — Sputnik. Кыргызстан ЕАЭБде курулуш тармагынын өсүү темпи боюнча алдыга чыкты. Бул тууралуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин директору Нурдан Орунтаев "Биринчи радиого" маек берип жатып билдирди.
Анын айтымында, өлкө ичинде курулуштун көлөмү 137 пайызга чейин жеткен. Былтыр бул көрсөткүч 112 пайыз эле.
"Быйыл өлкө боюнча 2 миллион чарчы метрден ашык курулуш ишке берилди. Былтыр союздагы рекорддук көрсөткүчтөн (1,5 миллион чарчы метр) ашып, 1 миллион 600 миң чарчы метр болгон. Дүйнөлүк стандарт боюнча, ар бир жаранга 15 чарчы метрден курулуш пайда болушу шарт. Калкыбыз жылына 200 миңге өсө турган болсо биз 3 миллион чарчы метрлик көрсөткүчкө жетишибиз керек", — деди Орунтаев.
Ошондой эле ал быйыл 230дай социалдык курулуш ишке берилгенин белгиледи. Буга бюджеттен 13 миллиард сом сарпталды.
Орунтаев ал башкарган агенттик быйыл 130дан ашуун генералдык план түзүп бергенин кошумчалады.
Белгилей кетсек, ЕЭК январ-октябрь айларынын жыйынтыгында Кыргызстан ЕАЭБ өлкөлөрүнүн арасында курулуш иштеринин көлөмүнүн өсүшү боюнча лидерликти камсыз кылганын билдирген. Өлкө бул тармакта 31,1 пайыз өсүшкө жеткен.
Салыштыруу үчүн: Казакстанда 10,2 пайыз, Беларуста 7,8 пайыз, Арменияда 3,3 пайыз, ал эми Россияда 2,2 пайыз болгон. Жалпы ЕАЭБ боюнча өсүштүн орточо темпи 3,1 пайызды көрсөткөн.