КМШ лидерлеринин бейформал жолугушуусу. Путиндин кеби

Sputnik
БИШКЕК, 25-дек. — Sputnik. КМШ өлкөлөрүнүн жалпы ИДПсынын өсүшү жыл соңунда 4,7 пайыз деңгээлинде болжолдонууда, бул дүйнөлүк көрсөткүчтөрдөн жогору экенин Россиянын президенти Владимир Путин билдирди.
Ал Санкт-Петербургдагы КМШ өлкөлөрүнүн лидерлеринин бейформал жолугушуусунда сүйлөдү.
Путин импортту алмаштыруу процесси тез темп менен жүрүп, мамлекеттердин технологиялык эгемендүүлүгү бекемделип жатканын белгиледи.
"КМШ өлкөлөрү экстремизмге, чек арадагы кылмыштуулукка жана баңгизат аткезчилигине каршы күрөштө кызматташтыкты жакшыртууда. Күнүмдүк операциялар жана укук коргоо органдарынын ортосундагы байланыштар иретке келтирилди", — деди Путин.
РФ лидери КМШ өлкөлөрүнүн ортосундагы коммерциялык төлөмдөрдө улуттук валюталардын үлүшү 85 пайыздан ашканын жана өз алдынча төлөм системалары барган сайын көбүрөөк колдонулуп жатканын кошумчалады.
Путин, мындан тышкары, 2025-жылы Москвада өтө турган Жеңиштин 80 жылдыгына арналган салтанатка КМШ мамлекет башчыларынын баарын чакырды.
Учурда президенттер тар курамда сүйлөшүп жатышат.
Путин миграция боюнча коңшу өлкөлөр менен бирге иш жүргүзүүгө чакырды