БИШКЕК, 25-дек. — Sputnik. Казакстандын Актау шаарына жакын жерде кыйраган учакта алдын ала маалыматтар боюнча, Кыргызстандын үч жараны болгон. Бул тууралуу Казакстандын Транспорт министрлиги билдирди.
Ал эми Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги бул маалыматты тактоодо.
Бортто, мындан тышкары, Азербайжандын 37, Казакстандын алты жана Россиянын 16 жараны болгон.
Соңку маалыматтар боюнча, 25 адам аман калып, ооруканага жеткирилген. Азербайжандын президенти Илхам Алиев Россиядагы КМШ саммитинен Бакуга кайтканы кабарланды.
Бүгүн Казакстандын Актау шаарына жакын жерде Бакудан Грозныйга учуп бараткан учак кулады. ЖМКлардын маалыматына караганда, самолет кулаганга чейин авариялык конууну суранган.