БИШКЕК, 25-дек. — Sputnik. УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев Жалал-Абаддагы Барпы чек ара заставасынын жаңы имаратын ачты. Бул тууралуу атайын кызматтан кабарлашты.
Маалыматка ылайык, авариялык абалдагы эски бала бакчада жайгашкан бул застава бардык шарты менен курулган заманбап имаратка көчүрүлгөн.
"Чек арачыларга шарттар түзүлүп, заманбап курал-жарак менен камсыздоо уланат. Ошол эле учурда бул тармактагы мыйзам, эреже бузгандарга олуттуу жазалар да каралат. Ар бир аскер кызматкери мыйзамдарды так сактоого, өлкөгө берилгендик менен кызмат кылууга милдеттүү", — деди Ташиев.
УКМК төрагасы заставанын жаңы имаратын жана шарттарын көрүп чыгып, жоокерлер менен тамактанып, машыгуу залдарын, кызматтык жатаканаларды текшерди. Заставада мончо, ашкана, футбол аянтчасы жана автопарк сыяктуу бардык керектүү жайлар камтылган.