Бишкектеги батирден 130 миң доллар уурдалды. Акчанын теңи шектүүдөн табылды

Sputnik
БИШКЕК, 25-дек. — Sputnik. Бишкекте №6 кичи райондогу батирден ири суммадагы акча уурдады деп шектелген киши кармалды. Бул тууралуу Октябрь РИИБи билдирди.
Милицияга Э.Э. аттуу аял кайрылып, үйүнө терезеден белгисиз адамдар кирип келгенин, алар сейфте сакталуу турган 130 миң долларды алып кетишкенин кабарлаган.
Шектүү кармалды. Тинтүү учурунда 74,4 миң доллар табылган, калган акча кайда экени азырынча бегисиз.
Таласта Мбанктан 171,5 миң сомун уурдаткан жарандын акчасы кайтарылды