БИШКЕК, 25-дек. — Sputnik. Актаудагы учак кырсыгынан Кыргызстандын үчүнчү жараны да аман калганы аныкталды. Бул тууралуу Кыргызстандын ӨКМи билдирди.
Буга чейин эки кыргызстандык аман-эсен экени, үчүнчүсү боюнча маалымат такталып жатканы айтылган. Үчөө тең ооруканага жеткирилген. Алар:
2004-жылкы А.Р.Т ;
1998-жылкы О. Т. М;
1988-жылкы Д.Э.Д.
20 жаштагы баланын абалы оор деп бааланууда, калган экөөнүн өмүрүнө коркунуч жок.
Баку – Грозный багытында учуп бара жаткан учакта жалпы 67 жаран болгон. Алардын 37си Азербайжандын, 16сы Россиянын, алтоо Казакстандын, үчөө Кыргызстандын жараны, дагы беш экипаж мүчөсү болгон. Учурда 32 адам тирүү экени аныкталды. Тактоо иштери уланууда.