Үй бүлө институтунун бүгүнкү абалы коомдуу түйшөлткөн маселеге айланып баратканы анык. Турмуш куруп, үй бүлө күтүүнү пландаган жаштардын курагы улам жогорулаганы статистикада келтирилсе, жылдан-жылга аны каалабагандардын да арбып баратканы айтылат. Үй бүлө куруу бул милдетпи же каалообу? Эмнеликтен учурда аны жаратуу солгундап баратат? Мамлекет буга кантип көмөкчү боло алат? Коомдун милдети кайсыл жерде?
Биз мына ушундай суроолордун айланасында үй бүлөлүк мамилелер боюнча эксперт Нуркыз Кадырбекова менен маектештик.