Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00

Sputnik
Казакстандагы авиакырсыктан эки кыргыз жараны аман калган. Муну Казакстандын Саламаттык сактоо министрлигинин тизмесинен көрүүгө болот. Үчүнчү жаран боюнча азырынча расмий маалымат жок. Бирок айрым ЖМКлар анын да аман калганын кабарлашууда.Ошондой эле аталган тизмеде 10 россиялык, 14 азербайжандык жана жарандыгы белгисиз үч адам көрсөтүлгөн. Бүгүн Казакстандын Актау шаарына жакын жерде Бакудан Грозныйга учуп бараткан учак кулады. Борттогу 67 адамдын 32си аман калганы айтылууда.
КМШ өлкөлөрүнүн жалпы ИДПсынын өсүшү жыл соңунда 4,7 пайыз деңгээлинде болжолдонууда, бул дүйнөлүк көрсөткүчтөрдөн жогору экенин Россиянын президенти Владимир Путин билдирди. Ал Санкт-Петербургдагы КМШ өлкөлөрүнүн лидерлеринин бейформал жолугушуусунда сүйлөдү. Путин импортту алмаштыруу процесси тез темп менен жүрүп, мамлекеттердин технологиялык эгемендүүлүгү бекемделип жатканын белгиледи. "КМШ өлкөлөрү экстремизмге, чек арадагы кылмыштуулукка жана баңгизат аткезчилигине каршы күрөштө кызматташтыкты жакшыртууда", — деди Путин. Ал мындан тышкары, 2025-жылы Москвада өтө турган Жеңиштин 80 жылдыгына арналган салтанатка КМШ мамлекет башчыларынын баарын чакырды.
Бишкек шаарына дагы 38 автобус алынып келет. Мэриядан билдиришкендей, Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкы менен түзүлгөн макулдашуунун алкагында 2024-жылдын январь айында Бишкек шаарына газ менен иштеген 124 автобус алынган. Муну менен катар, республикалык бюджеттин каражатынын эсебинен алынган 1000 автобустун калган 500 автобусу келди. Ошондой эле калаага Түркия мамлекетинен чыгарылган 48 автобус келди, дагы кошумча 38 автобус келүүсү күтүлүүдө.
Оюнчуктар үч жашка чейинки балдардын саламаттыгы үчүн кооптуу. Бул куракта ымыркай оюнчукту оозуна салып ойногондуктан уулуу заттар организмге топтолуп, жылдар өткөндөн кийин оор илдеттерге алып келерин Ооруларды алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл департаментинин балдар жана өспүрүмдөрдүн гигиенасы бөлүмүнүн адиси Мария Кушубакова билдирди.Анын айтымында, ата-энелер оюнчук алып жатканда анын сапатына көңүл бурбайт. "Ата-энелерге дайыма оюнчук алардан мурда сатуучудан тастыктоочу кагаз талап кылууну, текшерип көрүүсү керек. Оюнчуктун сапатын жытынан, өңүнөн эле байкаса болот. Мисалы, оюнчукту суу колу менен кармап көрүш керек. Эгерде боегу колго жукса, анда анын сапаты начар. Ушундай жөнөкөй эле эрежелерге маани берсек өлкөгө коопсуз жана сапаттуу оюнчуктар алып келинет", — деди Кушубакова. Ал ошондой эле ишкерлер өлкөгө оюнчуктарды ЕАЭБдин талабына ылайык импорттошу керектигин белгиледи.///ЭМИ ВАЛЮТА КУРСУ МЕНЕН ТААНЫШЫП АЛЫНЫЗДАР: Улуттук банктын билдирүүсү боюнча ушул тапта: 1 АКШ доллары 87 сомго евро 90 сом 44 тыйынга рубль 86 тыйынга Казак тенгеси 17 тыйынга барабар МУНАЙ БААСЫ Бишкекте орточо эсеп менен алганда Аи 92 үлгүсүндөгү бензин 63 сом 40 тыйындан баштап, 64 сом 40 тыйынга чейин, Аи 95 үлгүсүндөгү күйүүчү май 72 сом 40 тыйындан 73 сом 40 тыйынга чейин, дизель майы 71 сом 30 тыйындан, 72 сом 30 тыйынга дейре, ал эми унаа газынын литри 36 сомдон сатылууда АБА ЫРАЙЫ 26-декабрга караган түнү жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет. Бейшембиде республика аймагында күн ачык болот. Мындай маалыматты Кыргызгидромет таратты. Абанын температурасы Чүйдө +3...+8, Талас аймагында +2...+7, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында +3...+8, Ысык-Көлдө +1...+6 градус жылуу болот. Ал эми Нарын аймагында суук көбүрөөк сезилип, термометр -3...-8 градусту көрсөтөт. Термометрдин көрсөткүчү борбор калаада +5…+7, Ош шаарында +6...+8 градусту көрсөтөт.