Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00

Sputnik
Президент Садыр Жапаров Азербайжан президенти Илхам Алиевге жүргүнчү учагынын кыйрашына байланыштуу көңүл айтты. Бул тууралуу мамлекет башчынын маалымат кызматынан кабарлашты. "Көптөгөн адамдардын курмандыгына алып келген азербайжандык жүргүнчү учагынын трагедиялуу кыйрашы тууралуу бүгүнкү суук кабарды терең кайгыруу менен кабыл алдым. Кыргызстан элинин атынан жана жеке өзүмдүн атымдан курман болгондордун үй-бүлөсүнө жана жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтам жана ушул трагедиянын кесепетинен жабыр тарткандардын баарына тезирээк сакайып кетишин каалайм. Орду толгус жоготуунун аза кайгысын тең бөлүшөм", — деп жазылган мамлекет башчынын телеграммасында. Бүгүн Казакстандын Актау шаарына жакын жерде Бакудан Грозныйга учуп бараткан учак кулады. Бортто 67 адам болгон. Алдын ала маалыматтар боюнча, алардын ичинен 28 адам аман калган.
Эскирген имараттарды жаңылоо процесси квартал-квартал менен жүргүзүлүшү ыктымал. Бул тууралуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин директору Нурдан Орунтаев билдирди. Анын айтымында, борбор калаада имараттары эскирген жерлер көп. "Шаардын архитектуралык өзгөчөлүгү сакталышы керектиги айтылууда. "Хрущевка", "сталинкалар" бир типтүү курулуш болуп саналат. Алардын пайдубалы жок, өздөрү эскирген. Аны сактап калалы десек да сактай албайбыз. Ал эми Ак үй, Каба уулу Кожомкул атындагы спорт сарайы сыяктуу архитектуралык долбоорлорду сактап калышыбыз керек", — деди Орунтаев. Ошондой эле ал "реновациянын алкагында имараттардын кабаты бийиктесе шаардык коммуникация көтөрө албай калат" деген сынга дагы жооп кылды. Анын айтымында, жаңы курулган үйлөр өз алдынча коммуникацияга ээ болот.
Бишкекте №6 кичи райондогу батирден ири суммадагы акча уурдады деп шектелген киши кармалды. Бул тууралуу Октябрь РИИБи билдирди. Милицияга Э.Э. аттуу аял кайрылып, үйүнө терезеден белгисиз адамдар кирип келгенин, алар сейфте сакталуу турган 130 миң долларды алып кетишкенин кабарлаган. Шектүү кармалды. Тинтүү учурунда 74,4 миң доллар табылган, калган акча кайда экени азырынча бегисиз.
АКШнын жаңы шайланган президенти Дональд Трамп Москва менен Киевдин ортосундагы түзүлчү келишимдер бекем, туруктуу болушун каалап, Минск макулдашууларынын тагдыры кайталанбашына аракет көрөт. Бул тууралуу АКШнын Украина боюнча боло турган атайын өкүлү Кит Келлог телеканалдардын бирине маек куруп жатып айтканын РИА Новости жазды. "Президенттин максаты так: адам өлүмүн токтотуп, тынчтык орнотуу. Бул улуттук коопсуздук жаатындагы биринчи кезекте артыкчылык бериле турган маселе. Бирок ал тынчтыктын адилеттүү жана туруктуу болушун каалайт. Россия менен Украинаны эпке келтирет деген буга чейинки процесстерди көргөнбүз, тагдырын да билебиз. Президенттин жолу башка болот", — деген Келлог. Анын айтымында, Трамп АКШнын союздаштары менен алаканын маанилүүлүгүн түшүнгөндөй эле Владимир Путин менен мамиле түзүүнүн маанисин да жакшы билет. Келлог президент кырдаалды кыска убакытта жөнгө сала аларын белгилеген.