2024-жыл “Элдик Банк” үчүн тарыхый бурулуштуу жыл болду

Sputnik
Быйыл “Элдик банк” үчүн жемиштүү жылдардан болду. Тарыхый кадамдарды жасоого шарттар түзүлдү. Алардын алгачкысы президент Садыр Жапаровдун демилгеси менен банктын аталышы өзгөртүлүп, кыргызстандыктарга мурдагыдан да жакын болууга мүмкүнчүлүк болду. Кардарларга финансылык кызматтар сапаттуу көрсөтүлдү. 2024-жылы банкта финансылык көрсөткүчүнүн жалпы активдери жылдын башына салыштырмалуу 25 пайызга өскөн. Ал эми кредиттик портфели жылдын башында 31 млрд сомду түзсө, бүгүнкү күндө 39 млрдга жетти. Депозиттик базасы 18 млрдга жогорулап, 68, 3 млрд сомду түздү. Уставдык капиталы 9 млрд сомдон 11 млрд сомго көбөйдү.
Бул сандар калктын “Элдик Банкка” болгон ишеними жогорулаганын далили экенин “Элдик Банк” ААКтын өкүлдөрү “Ачык кеп” берүүбүздө айтып беришти.