Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00

Sputnik
Россия жакын арада СССР мезгилинен бери түптөлүп калган радиоактивдүү заттардын калдыктары көмүлгөн жерлерди жок кылат. Бул туурасында президент Садыр Жапаров айтты. Эске салсак, "Росатом" КМШдагы радиациялык коопсуздукту камсыздоо үчүн бир канча мамлекеттерге жардам берип келе жатат. Ал эми аймактар боюнча карай келгенде бул жаатта Россия Тажикстандагы радиациялык калдыктарды тазалоого 1,56 миллиард рубль бөлөт. Россия Кыргызстанга 2 миллиард 141 миллион рубль карайт. Учурда Борбор Азиянын бул эки өлкөсүндөгү экиден, жалпы төрт жеринде иштер уланууда. Алдыда Кыргызстанда дагы үч жерде иш башталмакчы. "Россияга кайрылдык, "Росатом" 2,1 миллиард рубль бөлүп берди. Учурда радиоактивдүү калдыктарды кооптуу жерлерден коркунуч жаратпай турган жерлерге көчүрүп жатабыз. Бүтүп жабабыз да, ошону менен унутабыз (уулуу калдыктар сакталган жай — ред.)", — деди Жапаров III Элдик курултайда сүйлөп жатып. Бүгүнкү күндө Кыргызстанда радиоактивдүү жана уулуу калдыктар көмүлгөн 92 жай бар.
Министрлер кабинети менен "Росатом" корпорациясынын ортосунда шамал энергетикасы тармагында кызматташуу боюнча инвестициялык макулдашууга кол коюлду. Бул тууралуу корпорациянын сайтында жазылган. Эске салсак, 2024-жылдын сентябрында шамал электр станциясынын курулушуна капсула салынган. Долбоорго ылайык, шамал станциясынын кубаттуулугу 100 мегаватт болуп, жылына 280 миллион киловатт-саат электр энергиясын иштеп чыгарат. Жалпы аймагы 200 гектарды түзмөкчү. Долбоорлоо иштери 2025-жылы башталары айтылды.
Кыргызстан ЕАЭБде курулуш тармагынын өсүү темпи боюнча алдыга чыкты. Бул тууралуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин директору Нурдан Орунтаев "Биринчи радиого" маек берип жатып билдирди. Анын айтымында, өлкө ичинде курулуштун көлөмү 137 пайызга чейин жеткен. Былтыр бул көрсөткүч 112 пайыз эле. "Быйыл өлкө боюнча 2 миллион чарчы метрден ашык курулуш ишке берилди. Былтыр союздагы рекорддук көрсөткүчтөн ашып, 1 миллион 600 миң чарчы метр болгон. Дүйнөлүк стандарт боюнча, ар бир жаранга 15 чарчы метрден курулуш пайда болушу шарт. Калкыбыз жылына 200 миңге өсө турган болсо биз 3 миллион чарчы метрлик көрсөткүчкө жетишибиз керек", — деди Орунтаев. Ошондой эле ал быйыл 230дай социалдык курулуш ишке берилгенин белгиледи. Буга бюджеттен 13 миллиард сом сарпталды.
Ветеринардык кызматтын аймактык бөлүмдөрү тарабынан быйыл мал чарба продукциясын өндүрүү, кайра иштетүү жана сатуу менен алектенген 2520 ишкердик субъектиге текшерүү жүргүзүлдү. Айыл чарба министрлигинен билдиришкендей, текшерүү тамак-аш коопсуздугун камсыз кылуу жана калктын саламаттыгын коргоо максатында жүргүзүлгөн. Анын жүрүшүндө ветеринардык-санитардык талаптарды бузуулар аныкталып жыйынтыгы менен эреже бузууларды четтетүү боюнча 300 көрсөтмө берилген. Ошондой эле жалпы 2 млн 206 миң сом айып салынган.