Кыргызстан ЕАЭБде экономиканын өсүү темпи боюнча лидер болду

Sputnik
БИШКЕК, 24-дек. — Sputnik. Евразия экономикалык биримдигине (ЕАЭБ) мүчө мамлекеттерде 9 айдын жыйынтыгы боюнча, ИДПнын өсүшүндө оң динамика сакталууда. Бул тууралуу ЕЭКтен билдиришти.
Маалыматка ылайык, ИДП Арменияда 6 пайызга, Беларуста 4,5 пайызга, Казакстанда 4,1 пайызга, Кыргызстанда 8,4 пайызга, Россияда 4,2 пайызга өсүп, ЕАЭБдин жалпы ИДПсынын өсүү темпи 4,2 пайызга жогорулаган.
"Биримдиктеги бардык мамлекеттердин экономикасынын өсүшүнүн негизги булактары болуп дүң жана чекене соода, кайра иштетүү өнөр жайы жана курулуш тармактары эсептелди. Арменияда кыймылсыз мүлк операцияларынын эсебинен да экономикалык өсүш болду. Беларусь жана Казакстанда айыл чарбасы чоң роль ойноду. Ал эми Кыргызстан менен Россиядагы өсүштө финансылык жана камсыздандыруу ишмердүүлүгү негизги факторлордун бири болду", — деп айтылат маалыматта.
ЕЭК жыл жыйынтыгы менен уюмдун ИДПсынын 4,1 пайызга өсүшүн күтүп жатканы кошумчаланды.
Россия — Евразия аймагындагы ири инвестор. Инфографика