Кыргызстан ак майдын экспортун 1,5 эсеге көбөйттү, көбү ЕАЭБге жөнөтүлгөн

Sputnik
БИШКЕК, 24-дек. — Sputnik. Кыргызстан январь-октябрь айларында 1 926,4 тонна ак май экспорттогон. Бул тууралуу Улуттук статистика комитетинин маалыматында айтылган.
Өткөн жылдын ушул мезгилинде 1 240,1 тонна сыртка сатылган, натыйжада өсүү 55,3 пайызды түздү.
Май сатып алган өлкөлөр:
Россия — 1 210 тонна;
Казакстан — 652,1 тонна;
Өзбекстан — 64,2 тонна;
Кытай — 0,1 тонна.
Мындан тышкары, Азербайжан менен Беларуска да аз өлчөмдө жөнөтүлгөн.
Кыргызстан ЕАЭБде экономиканын өсүү темпи боюнча лидер болду