Садыр Жапаров иш сапар менен Санкт-Петербургга барды

Жапаров КМШга мүчө мамлекет башчыларынын бейформал жолугушуусуна жана Жогорку евразиялык экономикалык кеңештин кезектеги жыйынына катышат.
Sputnik
БИШКЕК, 24-дек. — Sputnik. Президент Садыр Жапаров иш сапар менен Санкт-Петербург шаарына барганын президенттин маалымат кызматы кабарлады.
Мамлекет башчыны шаар губернатору Александр Беглов жана башка расмий адамдар тосуп алышкан.
Президенттин администрациясынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Муратбек Азымбакиев Жапаров КМШга мүчө мамлекет башчыларынын бейформал жолугушуусуна жана Жогорку евразиялык экономикалык кеңештин кезектеги жыйынына катышарын билдирди.

"ЖЕЭК жыйынында ЕАЭБдин жылдык ишинин жыйынтыктары чыгарылып, биримдиктин ишмердүүлүгүнүн актуалдуу маселелери каралат. Бир катар маанилүү чечимдерди жана документтерди кабыл алуу пландаштырылууда. Анын ичинде ЕАЭБдин жана үчүнчү тараптын бажы транзитинин бирдиктүү системасы жөнүндө макулдашууга кол коюлат. КМШ өлкөлөрүнүн президенттеринин жолугушуусунда 2024-жылдагы кызматташуу жыйынтыктары чыгарылып, эл аралык жана регионалдык темалар боюнча пикир алмашуу болот", — деди Азымбакиев.

Мишустин: КМШ өлкөлөрү менен экономикалык алака бекемделип жатат