БИШКЕК, 24-дек. — Sputnik. Келерки жылдын 1-январынан тарта Улуттук илимдер академиясынын кызматкерлеринин айлыгы 70-100 пайызга көтөрүлөт. Тиешелүү жарлыка өлкө башчы Садыр Жапаров кол койгонун маалымат кызматы кабарлады
Мамлекет башчы реконструкцияланган академиянын ачылышында кызматкерлердин айлыгы жогорулай турганын убадалаган.
Буга чейин ЖК депутаты Илимдер академиясынын жаш кызматкерлери орточо 9 миң сом айлык аларын айткан эле.