Россияда мигранттардын балдары апрелден тарта тесттен өтө баштайт

Sputnik
БИШКЕК, 24-дек. – Sputnik. Мигранттардын балдары мектепте окушу үчүн орус тилинен тест тапшыруусу 2025-жылдын 1-апрелинде башталат. Бул туурасында Россиянын вице-премьери Дмитрий Чернышенконун айтканын РИА Новости жазды.
"Азыр Рособрнадзор тесттен өткөрүү системасында методикалык материалдарды, баалоо критерийлерин даярдап жатат, себеби ар кайсы класстар үчүн тесттин ар кыл деңгээлдери керектигин түшүнүп турабыз. Келе жаткан жылдын 1-апрелинен тарта мындай иштер өлкөбүздүн бардык билим берүү жайларында ырааттуулук менен өнүгө баштайт", — деген Россия өкмөтүнүн төрагасынын орун басары.
Чернышенконун айтымына караганда, Россияда жылына мигранттардын 155 миңге чукул балдары мектепке барат.
Буга чейин Мамлекеттик Дума Россиядагы мектептерге мигранттардын орус тилин гана билген балдары кабыл алынат деген мыйзам чыгарган. Эми алар тилди билерин тесттен өтүп аныктап бериши керек.
РФ министрлиги: мигранттардын балдары үчүн орус тили боюнча тесттер акысыз болот