Россияда Аалымдар кеңеши көп аял алууга уруксат берген фатваны чакыртып алды

Sputnik
БИШКЕК, 24-дек. — Sputnik. Россия мусулмандарынын дин башкармалыгынын Аалымдар кеңеши көп аял алууга уруксат берген фатваны чакыртып алды. Бул туурасында кеңештин төрагасы Шамиль Аляутдиновдун Telegram каналына жазылган.
"РФ муфтиятынын Аалымдар кеңеши ЖМКда тараган Башкы прокуратуранын "Россиянын мусулман коомчулугундагы көп аял алуучулук көйгөйү" фатвасын жокко чыгаруу талабы боюнча маалыматтан жана россиялык коомчулуктун реакциясынан улам мурдагы чечимин чакыртып алды. Бардыгы Кудайдын колунда, андыктан РФтин мусулмандар дин башкармалыгынын Аалымдар кеңеши талашып-тартышуунун мааниси жок деп эсептейт", — деп айтылган Аляутдиновдун каналында.
Андан мурдараак РИА Новостиге өзүнүн маалымат булагы Россиянын Башкы прокуратурасы муфтиятка аталган мыйзам бузууну четке кагуу боюнча сунуштама жөнөткөнүн айтып берген. Көзөмөл органы көп аялдуулукка жол берген бул фатва мыйзамга жана үй-бүлөнү сактоо, бекемдөө жаатындагы россиялыктардын руханий-адептик баалуулук боюнча мамлекеттик саясатына каршы келерин белгилеген. Маалымат берген кишинин айтымында, Башкы прокуратура Россиянын Үй-бүлө кодексинде атуулдун катталган никеси болсо анын үстүнө дагы бир никеге турууга жол бербестигин эскерткен.
Белгилей кетсек, Аалымдар кеңеши россиялык мусулмандарга күйөөсү аялдарынын бардыгына бирдей (тең) мамиле кылган учурда төрт нике кыйдырууга макул болгон.
Теги: дүйнөдө Россия көп аялдуулук фатва Россиянын мусулмандар дин башкармалыгы Шамиль Аляутдинов Аалымдар кеңеши
Көп аял алууга уруксат берүү. Россиянын дин башкармалыгы фатваны түшүндүрдү