Радио

Мамлекеттик ипотекалык компаниянын уставдык капиталы 32 млрд. сомдон ашты

Мамлекеттик ипотекалык компаниянын (МИК) төрагасынын орун басары Тилек Джеембаев коррупцияга каршы күрөштөн түшкөн акчанын бир бөлүгү мамлекеттик ипотекалык үйлөрдү курууга жумшалып жатканын айтты.
Sputnik
Мамлекеттик ипотекалык компаниянын уставдык капиталы 32 миллиард сомдон ашты. Ипотекалык негизде берилүүчү үйлөрдү курууга каржы булактары дагы көбөйүп жатканын Тилек Джеембаев Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, "Үлүштүк курулуш" турак жайды каржылоо механизми да ийгиликтүү иштеп, үзгүлтүксүз курулуш жүргүзүүгө шарт түзүлүүдө.
"Мамлекеттик ипотекалык компаниянын уставдык капиталы 32 миллиард сомдон ашты. Мунун ичинде мурдагы программанын алкагында бөлүнгөн каражат да бар. Алар 2015-2021-жылдагы 9,5 миң жаранга банктар аркылуу берилген ипотекалык насыя болуп саналат. Андан түшкөн акчаны кайрадан курулушка жумшап жатабыз. Республикалык бюджеттен да ири көлөмдөгү сумма каралып, коррупцияга каршы күрөштөн түшкөн акчанын бир бөлүгү МИКтин үйлөрүн курууга жумшалып жатат. Мындан тышкары, эл аралык донорлор менен да келишимдер түзүлүп, калкты арзан турак жай менен камсыздоо саясатына көңүл бурулууда. Алсак, Сауд өнүктүрүү фонду 100 миллион АКШ долларын бөлөт. Жакында эле Жогорку Кеңеш Ислам өнүктүрүү банкы тарабынан бөлүнө турчу 79 миллион доллар боюнча келишимди ратификациялады", — деди Джеембаев.
Ошондой эле ал жакынкы эки-үч айдын ичинде эки миңден ашык батир ипотекалык негизде берилерин кошумчалады.