БИШКЕК, 24-дек. — Sputnik. Тыгын күчөгөн мезгилде товар жеткирүүнү чектөө сунушталды. Бул тууралуу Бишкек мэриясынын сайтында кабарланган.
Кеп базар, соода борборлору жана күркөлөргө товар жеткирген жүк ташуучу унаалар тууралуу болуп жатат.
Муниципалитет товар жеткирүү, аны түшүрүү, жүктөө жолдо кошумча тыгын жаратарын белгилеген. Мэрия мындай чара баалардын өсүшүнө алып келерин түшүнүп, дары-дармек жана башка социалдык маанилүү товарларга чектөө жайылтылбай турганын белгилеген.
Бишкек шаарында жалпы 70 базар, 35тен ашык соода борбору, 3 500 күркө жана 100 дарыкана бар экени кошумчаланды.