Касымалиев: 2025-жылы кеминде 100 жаңы индустриялык долбоор ишке кириши керек

Sputnik
БИШКЕК, 24-дек. — Sputnik. 2025-жылы эң аз дегенде дагы 100 жаңы индустриялык долбоор ишке киргизилиши шарт. Бул тууралуу министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев билдирди.
Өкмөттүн маалымат кызматы кабарлагандай, минкаб жетекчиси аппараттык кеңешме өткөргөн. Анда Касымалиев III Элдик курултайда президент Садыр Жапаров тарабынан коюлган тапшырмаларды көзөмөлгө алып, кынтыксыз жана сапаттуу аткаруу керектигин, Курултайдын катчылыгы делегаттар тарабынан көтөрүлгөн ар бир суроо-талапты талдап, атайын план түзүүнү тапшырган.
Ошондой эле өлкө ИДПсын 2025-жылга 1,8 триллионго жеткирип, консолидацияланган бюджетти 700 миллиард сомдон ашыруу үчүн министрликтерге жана ведомстволорго тиешелүү тапшырмаларды берди.
"2025-жылы эң аз дегенде дагы 100 жаңы индустриялык долбоор ишке киргизилиши шарт", — деди Касымалиев.
Минкаб башчысы мамлекеттик органдар алдыга койгон пландарды, жасай турган реформалар тууралуу маалыматты иштеп чыгууну тапшырганы кошумчаланды.
Кыргызстан ЕАЭБде экономиканын өсүү темпи боюнча лидер болду