Баткен облусу менен Чек ара кызматынын жетекчилери иштен алынды. Ордуна ким барды?

Sputnik
БИШКЕК, 24-дек. — Sputnik. Президенттин Баткен облусундагы өкүлү Абдикарим Алимбаев ээлеген кызматынан бошотулду. Бул тууралуу өлкө башчынын маалымат кызматынан кабарлашты.
Мамлекет башчы Садыр Жапаров кол койгон жарлыктарга ылайык, Алимбаев УКМК төрагасынын биринчи орун басары — Чек ара кызматынын директору болуп дайындалган. Ал кызматты ээлеп турган Уларбек Шаршеев дагы башка ишке өткөндүгүнө байланыштуу ээлеген кызмат ордунан бошотулган.
Ал эми УКМКнын Антитеррордук борборунун директору Айбек Шаменов дагы кызматынан бошотулуп, Баткен облусун жетектөөгө жөнөтүлдү.
Дүйшөнкул Чотонов Кыргызстандын Өзбекстандагы элчиси болуп дайындалды