25-декабрга карата аба ырайы

25-декабрда республика аймагында жаан-чачын күтүлбөйт. Түштүк-чыгыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 3-8 метрге жетет.
Sputnik
БИШКЕК, 24-дек. — Sputnik. Шаршембиде өлкөнүн айрым жерлеринде туман түшөт. Жолдор тоңуп, тайгак болот. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.
Абанын температурасы Чүйдө 3…8, Талас чөлкөмүндө 2…7, Ош, Жалал-Абад, Баткен аймактарында 3…8, Ысык-Көл жеринде 0…5 градус жылуу болсо, Нарын облусунда -3…-8 градус суук болот болот.
Термометрдин көрсөткүчү Бишкекте 4…6, Ош шаарында 6…8 градусту көрсөтөт.
Апта башында жана соңунда кар жаайт. Бир жумага карата аба ырайынын божомолу