Жусуп Баласагындын кыргызга таандыгын далилдеген окумуштуу Качкынбай Артыкбаев

Sputnik
Качкынбай Артыкбаев окумуштуу, сынчы, адабиятчы, акын жана публицит катары элибизге көп эмгекерди калтырып кетти. Анын жасаган иштерине саресеп салсак улут үчүн, адабият үчүн күйгөн мекенчилдиги байкалат. Анын “ХХ кылымдын кыргыз адабияты” аттуу окуу китеби азыр да адабият тармагында хрестоматия катары колдонулуп келет. Ал эмгегинде адабияттын тарыхын, жанрын, ага байланышкан маселелердин баарын терең анализдеп, талдап, ирети менен берген. Жусуп Баласагын кыргызга да тийиштүү экенин далилдеп, илимий жактан жазып анан улуттук университетке анын атынын берилишине да салымы чоң. Программанын мейманы, каарманыбыздын шакирти Сайра Исаева агайдын окумуштуулугун, эмгектерин, педагогдук чеберчилигин, адам катары сапаттарын, кандай жолдош, ата болгону тууралуу айтып берди.