Бир жыл мурун тиш дарылатууга келип чарчап калган үч жашар кыздын өлүмү боюнча соттун өкүмү чыкты. Бул тууралуу Октябрь райондук сотунун өкүмүндө айтылган.Эске салсак, каргаша КММАнын медициналык борборунда жайгашкан "Дентомакс" жеке стоматологиялык клиникасында болгон. Дарыгерлер бөбөккө севоран газын жыттатып туруп, курт жеген тишин тазаламай болушкан. Тилекке каршы, ал жакка 11:40та кирген кыз кечки 18:30да чарчап калып, дарыгерлер кыздын жүрөгү токтоп калганын билдирген.Октябрь райондук соту чыгарган өкүм: стоматолог — 5 жыл 6 айга кесилип, 2 жылга медициналык кызматты ээлөө укугунан ажыратылды; анестезиолог — 6 жылга кесилип, 2 жылга медициналык кызматты ээлөө укугунан ажыратылды; стоматологдун жолдошу — 5 жылга соттолду; Медакадемиянын медициналык борборунун ошол маалдагы директору — 5 жыл 6 айга эркинен ажыратылып, 3 жыл пробация менен бошотулду; "Дентомакс" клиникасынын директору акталды.
Мурдагы №47 колониянын ордуна салынган "Мурас" комплексиндеги бир жана үч бөлмөлүү батирлер өз ээлерине берилди.МИК белгилегендей, алты блоктон турган 18 кабаттуу үйдүн курулушу аяктады. Анда 306 батир бир бөлмөлүү, 204 батир үч бөлмөлүү.Мамлекеттик ипотекалык компания бүгүн берилген батирлердин көбү мүмкүнчүлүгү чектелген жарандарга, мамлекеттик кызматкерлерге жана мигранттарга тапшырылганын билдирди. Эми мындан ары үйлөр электрондук тизме менен гана берилери белгиленди."Мурда "социалдык ипотека" деген түшүнүк жок болчу. Анын ордуна минкабдын чечими менен айрым социалдык категориядагы жарандарыбызга артыкчылык берилген", — деди МИК. Бардык блоктордун курулушун 2026-жылдын 4-кварталында соңуна чыгаруу пландалууда.
Евразия экономикалык биримдигине мүчө мамлекеттерде 9 айдын жыйынтыгы боюнча, ИДПнын өсүшүндө оң динамика сакталууда. Бул тууралуу ЕЭКтен билдиришти.Маалыматка ылайык, ИДП Арменияда 6 пайызга, Беларуста 4,5 пайызга, Казакстанда 4,1 пайызга, Кыргызстанда 8,4 пайызга, Россияда 4,2 пайызга өсүп, ЕАЭБдин жалпы ИДПсынын өсүү темпи 4,2 пайызга жогорулаган."Биримдиктеги бардык мамлекеттердин экономикасынын өсүшүнүн негизги булактары болуп дүң жана чекене соода, кайра иштетүү өнөр жайы жана курулуш тармактары эсептелди. Арменияда кыймылсыз мүлк операцияларынын эсебинен да экономикалык өсүш болду. Беларусь жана Казакстанда айыл чарбасы чоң роль ойноду. Ал эми Кыргызстан менен Россиядагы өсүштө финансылык жана камсыздандыруу ишмердүүлүгү негизги факторлордун бири болду", — деп айтылат маалыматта.
Израилдин коргоо министри Исраэль Кац палестиналык ХАМАС кыймылынын саясий бюросунун башчысы Исмаил Ханиянын өлтүрүлүшүнө Тель-Авивдин тиешеси бар экенин биринчи жолу мойнуна алды. Бул тууралуу The Times of Israel гезитине таянуу менен РИА Новости жазды."Хуситтердин стратегиялык инфраструктурасына сокку уруп, лидерлерин жок кылабыз. Тегеранда, Газада жана Ливанда Хания, Синвар, Насрулланы жок кылгандай эле Ходейда менен Санада да ушундай кадамдарга барабыз", — деген министр.Эскерте кетсек, Ирандын жаңы президентинин инаугурациясына катышуу үчүн Тегеранга келген ХАМАСтын саясий бюросунун жетекчиси Исмаил Хания июлдун соңунда резиденцияга урулган соккудан улам каза тапкан.