8-августта мигранттарды өлкөдөн чыгаруу тартибине жаңы укуктук режим киргизүү боюнча мыйзамга кол коюлган. Ал Россияда жүрүүгө мыйзамдуу негиздери жок чет элдиктерге карата колдонулат. Россиядагы кыргызстандыктарды өзүнүн укуктук абалын жөнгө салуу үчүн убагында компетенттүү органдарга кайрылуу керек.
ЕАЭБдеги эмгек миграциясы жана социалдык коргоо багыты боюнча ЕЭК кандай долбоорлорду, иштерди жасап жатканын Евразия экономикалык комиссиянын Эмгек миграциясы жана социалдык коргоо департаментинин директору Алтынай Өмүрбекова айтып берди.