Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00

Sputnik
Садыр Жапаров ЭТТНди ири товарларга гана калтырууну карап көрүүнү тапшырды. Бул тууралуу президенттин маалымат катчысы Аскат Алагөзов билдирди. Ага ылайык, мындай тапшырма министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиевге жана Салык кызматынын жетекчиси Алмамбет Шыкмаматовго берилген. Аскат Алагөзов белгилегендей, мамлекет башчысында өлкө боюнча чоң-кичи базардагы, дүкөн-күркөлөрдөгү соода менен алектенгендердин ишмердүүлүгүндө жаралган көйгөйлөр боюнча толук маалымат бар. Садыр Жапаров фискалдык саясатты элге кошумча жүк болбогудай, ошол эле учурда көмүскө экономиканын үлүшүн көбөйтпөй тургандай кылып иштеп чыгуунун максаттуулугун белгилеген. Мамлекеттик салык кызматынын башчысы Алмамбет Шыкмаматов беш товардан башкасынан ЭТТНди алып салуу керектигин айтты. Ал эми министрлер кабинетинин башчысынын биринчи орун басары Данияр Амангелдиев ЭТТН жоюлбай турганын, бирок жөнөкөйлөштүрүлөрүн билдирген.
2026-жылдын 1-январынан тарта төрт баладан көп төрөгөн энелер акчалай колдоо алышат. Тиешелүү жарлыкка президент Садыр Жапаров кол койду. Ага ылайык, төртүнчү баласын 2026-жылдын 1-январынан тартып төрөгөн көп балалуу энелерге бир жолку "Бала Береке" төлөмү белгиленет.Максат — калктын демографиялык өсүшү үчүн жагымдуу шарттарды түзүү, бийик тоолуу шарттарда жана алыскы барууга кыйын зоналарда жашаган көп балалуу энелерди колдоо жана балдарды ар тараптан өнүктүрүү экени белгиленген."Бала Береке" төлөмүно ылайык4-балага — 100 миң сом; 5-бала — 600 жүз миң сом; 6-бала — 800 жүз миң сом; 7-бала — 1 000 000 сом; 8-бала — 1 миллион 200 жүз миң сом; 9-бала — 1 миллион 500 беш жүз миң сом; 10унчу жана андан кийинки балага — 2 миллион сом белгиленген.Акча каражаты бала бир жашка толгондо берилет.
Умбеталы Кыдыралиев Улуттук олимпиада комитетинин президенти болду. Бул тууралуу аталган комитеттен билдиришти. Маалыматка ылайык, бүгүн Улуттук олимпиада комитетинин кезектеги отчеттук-шайлоо конференциясы өткөн. Бокс федерациясынын президенти Умбеталы Кыдыралиев жалгыз талапкер болуп, ал олимпиадалык циклге комитеттин башчысы болуп шайланган. Буга чейин Улуттук олимпиада комитетинин президенти болуп иштеген Садыр Мамытов биринчи вице-президенттик кызматка дайындалды.
Гренландиянын премьер-министри Муте Эгеде АКШнын жаңы шайланган президенти Дональд Трампка катуу жооп берди. Бул тууралуу РИА Новости жазды. Буга чейин Трамп Гренландияны менчиктөө "абсолюттуу зарылдык" экенин айткан. "Гренландия – биздики. Биз эч качан сатылбайбыз. Биз эркиндик үчүн күрөшүбүздү улантабыз жана аны жоготпошубуз керек," – деген Эгеде. Трамп Гренландияны сатып алуу мүмкүнчүлүгүн караштырып жатканы тууралуу маалыматтар биринчи ирет 2019-жылы ЖМКларда пайда болгон. Кийинчерээк өзү бул маселеге "стратегиялык кызыкчылык" менен караганын тастыктаган эле. Гренландия арал сатылбай турганын билдирсе, Дания Трамптын сөзүн тамаша катары кабыл алганын, ошентсе да акылга сыйбаган ой экенин айткан. Гренландиядагы Питуффик авиабазасы Американын аскерлери үчүн стратегиялык мааниге ээ. Анткени арал аркылуу Европадан Түндүк Америкага өтүүчү эң кыска жол жайгашкан.