Калкты арзан турак-жай менен камсыздоо максатында Мамлекеттик ипотекалык компания акыркы жылдары турак үйлөрдү куруп жатат. Учурда республика боюнча курулуп жаткан үйлөрдөгү батирлердин саны 42 миңге чейин жетет. Алгач 2200гө жакын үй-бүлө батир менен камсыздалат. Баалары рынокко жараша коюлууда. Республика боюнча кезекте тургандардын саны да 40 миңге жетти.
Кантип кезекке туруп, ыңгайлуу шартта ипотекалык насыя алса болорун, курулуштун сапаты, жаңы продуктулар тууралуу Мамлекеттик ипотекалык компаниянын башкармалыгынын төрагасынын орун басары Тилек Джеембаев маалымат берди.