Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00

Sputnik
Кыргызстан Кытайга, Афганстанга, Пакистанга электр энергиясын экспорттоого даярданууда. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров өлкө энергетикасынын 90 жылдыгына арналган салтанаттуу иш-чарада билдирди. Өлкө башчы өз сөзүндө энергетика тармагында жасалып жаткан иштерди тизмектеп, күтүлүп жаткан пландар боюнча кеңири айтып берди. "Өлкөбүздүн энергетикалык инфратүзүмүн өнүктүрүү максатында "CASA —1000" долбоорунун алкагында Афганстан менен Пакистанга электр энергиясын экспорттоо боюнча көмөк чордондор жана линиялар курулуп бүттү. Ушу тапта "Тамга-Каракол" жана "Кемин-Торугарт" долбоорлорунун алкагында Кытайга электр энергиясын экспорттоо үчүн жаңы кубаттуу көмөк чордондорду курууга даярдык иштери жүрүп жатат", — деди Жапаров. Ошондой эле өлкө башчы инвесторлор үчүн жагымдуу инвестициялык шарттар түзүлүп жатканын кошумчалады.
Беш товардын башкасынан ЭТТНди алып салуу керек. Мындай пикирин Салык кызматынын башчысы Алмамбет Шыкмаматов Бюджет, экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитетинде билдирди.Анын айтымында, учурунда ЭТТНди киргизүүдө терең анализ жасалбай калган. "Учурда тиш чукугучтан баштап нефть продуктусуна чейин болуп виртуалдуу кампаны товардын 13 миң түрү менен толтуруу керек экен. Ошондуктан нефть продукциясы, спирт, тамеки, меджабдыктар жана дары-дармек сыяктуу бюджетти калыптандыруучу беш товарга гана ЭТТН калышы керек. Калганын бошотуп салуу зарыл. Ошондо чакан жана орто бизнеске колдоо болуп калат. Болбосо салыкчы түшүнбөгөн нерсени ишкер кантип түшүнмөк эле", — деди Шыкмаматов. Жыйында экономика жана коммерция министринин орун басары Искендер Асылкулов бул пикирди колдой турганын айтып, ЭТТНди иштетүү жеңил жана ыңгайлуу болушу керектигин белгиледи.
Кыргызстан Азия өнүктүрүү банкынан 22,5 миллион доллар грант жана насыя алат. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитетинин жыйынында каржы министринин орун басары Руслан Татиков билдирди. Ал Кыргыз Республикасы менен АӨБ ортосундагы «2025-2030-жылдарга көп тармактуу ишмердүүлүктү колдоо фонду» программасын каржылоо боюнча макулдашуунун долбоорун сунуштады. Бөлүнгөн акчанын суммасы 22,5 миллион долларды түзөт анын 13,3 миллион доллары насыя, 9,2 миллион доллары грант. Каражат климаттын өзгөрүшүнүн кесепеттери менен күрөшүүгө, экологияны башкаруу системасын жакшыртууга, шаарлардын жашоо деңгээлин жогорулатууга жумшалышы пландалууда.
Жогорку Кеӊештин Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана региондук өнүктүрүү боюнча комитети жарандарга 1999-жылга чейин алынган огород тилкелерине каттоого укук берүүнү сунуштаган Жер кодексинин долбоорун экинчи окууда кабыл алды. Алар калктуу конуштарга жакын жайгашкан жерлерге киргизилет, бул жары