БИШКЕК, 23-дек. — Sputnik. Кыргызстандагы абактарда массалык ачарчылык жарыяланганы тууралуу маалымат чындыкка дал келбейт. Бул тууралуу Жаза аткаруу кызматынан кабарлашты.
"Бул фейк, ЖАКтын бардык мекемелери штаттык режимде иш алып барууда", — деп айтылат билдирүүдө.
Буга чейин бир катар ЖМКлар Жаза аткаруу кызматына Чыңгыз Кожошевдин жетекчи болгонуна каршы чыгып түрмөдөгүлөр ачкачылык жарыялаганын жазышкан.
Жума күнү №1 тергөө абагында бет капчан адамдар камактагыларды сабап жатышканы тууралуу маалымат тараган. Бирок ЖАК бул маалыматты да төгүндөп, мекемеде тыюу салынган буюмдарды аныктоо максатында тинтүү жүргөнүн кабарлаган.