Умбеталы Кыдыралиев Улуттук олимпиада комитетинин президенти болду

Sputnik
БИШКЕК, 23-дек. — Sputnik. Умбеталы Кыдыралиев Улуттук олимпиада комитетинин президенти болду. Бул тууралуу аталган комитеттен билдиришти.
Маалыматка ылайык, бүгүн Улуттук олимпиада комитетинин кезектеги отчеттук-шайлоо конференциясы өткөн.
Бокс федерациясынын президенти Умбеталы Кыдыралиев жалгыз талапкер болуп, ал олимпиадалык циклге комитеттин башчысы болуп шайланган.
Буга чейин Улуттук олимпиада комитетинин президенти болуп иштеген Садыр Мамытов биринчи вице-президенттик кызматка дайындалды.
Жалал-Абадда Регионалдык олимпиадалык резерв мектеби ачылды