БИШКЕК, 23-дек. — Sputnik. АКШдагы президенттик шайлоодо жеңген Дональд Трамп анын өлкөсүндө эки — эркек менен аял деген гана жыныс болорун, аны мамлекеттик расмий саясаттын деңгээлинде бекитүүгө убада берди. Бул туурасында РИА Новости жазды.
"Трамптын администрациясы Кошмо Штаттарда расмий түрдө эркек жана аял деген эки гана жыныс болот деген саясат жүргүзөт. Бул өтө деле өзгөчө угулган жок, ушундайбы?" — деп суроо салган ал Аризона штатындагы Turning Point USA конференциясында.
Иш-чарага катышкандар Трамптын айтканын кол чабуу менен коштогон.
Буга чейин Times басылмасы аскердик тармактагы маалымат булактарына таянып, Трамп трансгендер аскерлерди кызматтан бошотууга ниеттенип жатканын, мындан улам армиядан 15 миң киши кетерин жазган. Анда жарлыкка Трамп, балким, өзүнүн президенттик мөөнөтү башталганда эле кол коюп коюшу ыктымалдыгы, ал медициналык көрсөткүчтөрүнөн улам Америка армиясындагы бардык трансгендерлерге тиешелүү болору айтылган.
Мамлекеттик кызматты майнаптуу кылуу боюнча жаңы депарматенттин жетекчилигине дайындала турган ишкер Илон Маск балдардын жынысын алмаштырган операцияларды жасаган дарыгерлерди түрмөгө отургузуу демилгесин колдоорун айткан.
"Ассошиэйтед пресс" агенттиги ноябрда жүргүзгөн изилдөөлөрдө америкалык жарандардын жарымы АКШда трансгендерди колдоо "өтө эле ашынып кеткендигин" айткан.