Салык кызматынын төрагасы: беш товардын башкасынан ЭТТНди алып салуу керек

Sputnik
БИШКЕК, 23-дек. — Sputnik. Беш товардын башкасынан ЭТТНди алып салуу керек. Мындай пикирин Салык кызматынын башчысы Алмамбет Шыкмаматов Бюджет, экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитетинде билдирди.
Анын айтымында, учурунда ЭТТНди киргизүүдө терең анализ жасалбай калган.
"Учурда тиш чукугучтан баштап нефть продуктусуна чейин болуп виртуалдуу кампаны товардын 13 миң түрү менен толтуруу керек экен. Ошондуктан нефть продукциясы, спирт, тамеки, меджабдыктар жана дары-дармек сыяктуу бюджетти калыптандыруучу беш товарга гана ЭТТН калышы керек. Калганын бошотуп салуу зарыл. Ошондо чакан жана орто бизнеске колдоо болуп калат. Болбосо салыкчы түшүнбөгөн нерсени ишкер кантип түшүнмөк эле", — деди Шыкмаматов.
Жыйында экономика жана коммерция министринин орун басары Искендер Асылкулов бул пикирди колдой турганын айтып, ЭТТНди иштетүү жеңил жана ыңгайлуу болушу керектигин белгиледи.
Президент Акылбек Жапаровду эмнеге иштен алууга мажбур болгонун түшүндүрдү