БИШКЕК, 23-дек. — Sputnik. 2026-жылдын 1-январынан тарта төрт баладан көп төрөгөн энелер акчалай колдоо алышат. Тиешелүү жарлыкка президент Садыр Жапаров кол койду.
Ага ылайык, төртүнчү баласын 2026-жылдын 1-январынан тартып төрөгөн көп балалуу энелерге бир жолку "Бала Береке" төлөмү белгиленет.
Максат — калктын демографиялык өсүшү үчүн жагымдуу шарттарды түзүү, бийик тоолуу шарттарда жана алыскы барууга кыйын зоналарда жашаган көп балалуу энелерди колдоо жана балдарды ар тараптан өнүктүрүү экени белгиленген.
"Бала Береке" төлөмү төмөнкүдөй белгиленген:
4-бала — 100 миң сом;
5-бала — 600 жүз миң сом;
6-бала — 800 жүз миң сом;
7-бала — 1 000 000 сом;
8-бала — 1 миллион 200 жүз миң сом;
9-бала — 1 миллион 500 беш жүз миң сом;
10унчу жана андан кийинки бала — 2 миллион сом.
Акча каражаты бала бир жашка толгондо берилет.
Ошондой эле министрлер кабинети 6 ай ичинде бул төлөмдөрдүн тартибин жана шартын иштеп чыгып, каржылоо булактарын аныкташы керектиги кошумчаланган.