БИШКЕК, 23-дек. — Sputnik. Бир катар кыргызстандыктар Садыр Жапаровдун колунан мамлекеттик сыйлык алат. Бул тууралуу президенттин сайтында кабарланган.
Өлкө башчы кол койгон жарлыктарга ылайык, 197 адамга мамлекеттик сыйлык берилмекчи. Алардын арасында жазуучу Кеңеш Жусупов (Эмгек баатыры артыкчылык даражасы), жазуучу Акбар Рыскулов (3-даражадагы Манас ордени), ырчы Шахра Талипова (Даңк ордени) бар.
Ошондой эле президенттин иш башкаруучусу Каныбек Туманбаев менен боксчу Мунарбек Сейитбек уулу (3-даражадагы Манас ордени) жана анын машыктыруучусу Беганас Султанбаев (Даңк ордени) дагы президенттен сыйлык алышмакчы.
Толук тизме менен президенттин сайтынан таанышып алсаңыз болот.