Россиянын экономикасы көп багыттуу, татаал. Экспортунун көлөмү да чоң, өндүрүшү да ар түрдүү. Мындан сырткары, санкциялар жана атайын операция учуру. Буга карабай Россиянын экономикасы өсүүдө. Учурда дүйнөлүк экономисттер көз салып турган маал. Бул тууралуу Улукман Мамытов Sputnik Кыргызстан https://sputnik.kg/Radio/ радиосуна маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, Россиянын учурдагы экономикалык тажрыйбасынан Кыргызстан үлгү алса болот.
"Россия учурда абдан кызыктуу, көп тармактуу экономикалык саясат жүргүзүүдө. Бул тууралуу жаш окумуштуулар иликтеп, илимий иш жазса да болот. Сырттан караганда айрым экономикалык саясаты бири-бирине каршы келгендей да түр калтырат. Мисалы, Россияга карата санкциялар башталганда айрым серепчилер рублдин куну түшүп кетерин болжолдошкон эле. Андай болгон жок. Анткени мунай продукцияларынан жана башка экспорттон өлкөгө кирген валюталар рублдин кунун кармап турганга өбөлгө түздү. Мындан сырткары, акча-кредит саясаты күчөп, 21 пайызга жетти. Батышта мындай пайыз менен иштей албай калышмак, бул да рублди бекемдөөдө. Анткени ишкерлер пайыздын жогорулаганына карабай эле кредиттерди мурдагыдан да көбүрөөк алып жатышат, бул өтө таң калычтуу көрүнүш. Батыштын чоң-чоң каржы спекулянттары атайын операция башталганда Россиядан чыгып кетишти. Тарых көрсөткөндөй, 1997-жылы азиялык кризис болгон. Анда Таиланд, Түштүк Корея, Индонезия жана Малайзия өлкөлөрүнө ири өлчөмдө валюта кирип, алардын экономикасы жанданып калганда кайра алып чыгып кетишкен. Жыйынтыгында "азиялык каржы кризиси" деген ат менен тарыхта калган. Россияны да айрым серепчилердин пикири боюнча ушундай тагдыр күтмөк. Бирок иш жүзүндө андай болгон жок", — деди Мамытов.
Ал Россия өкмөтү менен Улуттук банкы айрым учурда пикир келишпеген саясат жүргүзүп жаткандай көрүнгөнү менен максаттары бир болгондуктан мамлекеттин экономикалык саясатын ийгиликтүү ишке ашырып жатышканын кошумчалады.