Сабырбек Жумабеков Россияда беделдүү сыйлыкка татыды

Sputnik
БИШКЕК, 23-дек. — Sputnik. Академик Сабырбек Жумабеков Россиянын травматолог-ортопеддеринин эң жогорку сыйлыгына татыды. Бул тууралуу Кыргыз мамлекеттик медицина академиясынан кабарлашты.
Маалыматка ылайык, сыйлык травматологдордун XI бүткүл россиялык Приоров форумунда тапшырылган.
"Академик Сабырбек Жумабеков Россиянын Травматолог-ортопеддер ассоциациясынын эң жогорку сыйлыгы — Николай Приоровдун алтын медалы менен сыйланды. Ал иш-чарага тажрыйба алмашуу үчүн чакырылып, Кыргызстан Борбор Азияда биринчи болуп атайын эндопротез орноткону тууралуу доклад жасаган", — деп жазылган маалыматта.
Аталган сыйлыкты тапшыруу чечими 26-ноябрда кабыл алынганы кошумчаланды.
Министр Алымкадыр Бейшеналиев Россиянын алдыңкы ооруканаларына барды