Өзгөндө үйдөн өрт чыгып, 3 жаштагы наристе чарчап калды

Sputnik
БИШКЕК, 23-дек. — Sputnik. Өзгөн шаарында турак үйдөн өрт чыгып, 3 жаштагы наристе чарчап калды. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.
Маалыматка ылайык, өрттү өчүрүүгө саат 8:05тен 8:30га чейин үч бөлүм тартылган.
"Өрт 09:03тө чектөөгө алынды. Кырсыктын кесепетинен төрт киши ооруканага түшүп, анын ичинен үч жашар бала чарчап калды", — деп айтылат маалыматта.
Радио
Быйыл 9 айда өрт кырсыктарынан 30 адам көз жумду