БИШКЕК, 23-дек. — Sputnik. ЭТТН анализи жок киргизилгени үчүн жоопко тартчу адамдарды аныктап берем. Бул тууралуу Мамлекеттик салык кызматынын төрагасы Алмамбет Шыкмаматов Жогорку Кеңеште айтты.
Буга чейин ал беш товардын башкасынан ЭТТНди алып салуу керектигин белгилеген.
Маселе Бюджет, экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитеттин жыйында каралып жатканда министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Данияр Амангелдиев ЭТТН маселеси дагы талкуулана турганын айтты.
"ЭТТН боюнча Алмамбет Насыркановичтин жеке пикири. Бул маселе дагы талкууланат. Адылбек Алешович (минкаб башчысы) программасы менен келгенде эң көйгөлүү ЭТТН маселеси экенин айткан. Алмамбет Насырканович биринчи кварталда жеке кабинетке кирүүнү жана ЭТТНди жөнөкөйлөштүрүшү керек", — деди Амангелдиев.
Буга жооп кылган Шыкмамтов ЭТТН туура эмес киргенин далилдей аларын айтты.
"Негизи унчукпай эле отурайын дегем. Өзүлөрү тилден тартып жатат. Бул түшүнбөйт деп жатпайбы. Андай эмес, керек болсо ЭТТН анализи жок киргизилгени үчүн жоопко тартчу адамдарды аныктап берем. Анын туура эмес киргени боюнча бардык аянтчада далилдеп бере алам. Казакстан, Россия, Грузия кандай кылды жана бизде кандай болду, "жиликтеп" берем. Ким кылды, кантип кылды? Популизм деген эмне, кур аяк мактанабыз деген эмне? Салыкты көтөрүп туруп экономика өстү деген эмне? Экономиканын өнүккөнү — бул элдин дагы жашоосу жакшырганы", — деди Шыкмаматов.