Шыкмаматов: күйүүчү майдан бир сомдон алынса, транспорт салыгын жоюу керек

Sputnik
БИШКЕК, 23-дек. — Sputnik. Мамлекеттик салык кызматынын төрагасы Алмамбет Шыкмаматов күйүүчү майдан бир сомдон алынса, транспорт салыгын жоюп салуу керектигин айтты.
Анын айтымында, бул кош салык болуп калбашы үчүн керек.
"Транспорт салыгы жолду оңдоо үчүн алынышы керек. Бирок ал жергиликтүү бюджетке түшүп, акимчилик жол оңдомок беле? Башка жакка кетип калып жатпайбы. Ал эми күйүүчү майдын литринен бир сомдон алынса Жол фондуна түшөт. Ошондо натыйжалуу болот. Автоунааны канча айдаганга жараша төлөнөт. Мындай учурда кош салык болбошу үчүн транспорт салыгын алып салуу зарыл", — деди Шыкмаматов.
Эске салсак, 1-январдан тарта өлкөдөгү жолдорду оңдоо үчүн күйүүчү майдын литрине 1 сомдон төлөнөт. Каражат түз Жол фондуна түшөрү айтылган.
Радио
Ысабеков: эми салык системасына жылына бир ирет гана өзгөртүү киргизилет