БИШКЕК, 23-дек. — Sputnik. Гренландиянын премьер-министри Муте Эгеде АКШнын жаңы шайланган президенти Дональд Трампка катуу жооп берди. Бул тууралуу РИА Новости жазды.
Буга чейин Трамп Гренландияны менчиктөө "абсолюттуу зарылдык" экенин айткан.
"Гренландия – биздики. Биз эч качан сатылбайбыз. Биз эркиндик үчүн күрөшүбүздү улантабыз жана аны жоготпошубуз керек," – деген Эгеде.
Трамп Гренландияны сатып алуу мүмкүнчүлүгүн караштырып жатканы тууралуу маалыматтар биринчи ирет 2019-жылы ЖМКларда пайда болгон. Кийинчерээк өзү бул маселеге "стратегиялык кызыкчылык" менен караганын тастыктаган эле. Гренландия арал сатылбай турганын билдирсе, Дания Трамптын сөзүн тамаша катары кабыл алганын, ошентсе да акылга сыйбаган ой экенин айткан.
Гренландиядагы Питуффик авиабазасы Американын аскерлери үчүн стратегиялык мааниге ээ. Анткени арал аркылуу Европадан Түндүк Америкага өтүүчү эң кыска жол жайгашкан.