Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00

Sputnik
Кыргызстандын мамлекеттик карызы 6,6 миллиард долларды түздүМунарбек Сейитбек уулуна III даражадагы Манас ордени тапшырылды2026-жылдан тарта 4 баладан көп төрөгөн энелер акчалай колдоо алышатАлдыда кененирээкМинистрлер кабинетинин башчысы Адылбек Касымалиевдин 2024-жылдын 20-декабрындагы буйругу менен Кубанычбек Ысабеков Салык кызматынын төрагасынын орун басары болуп дайындалган. Бул тууралуу аталган башкармалык билдирди. Бүгүн, 23-декабрда салык кызматынын жетекчиси Алмамбет Шыкмаматов төраганын жаңы орун басарын жамаатка тааныштырды. Ал белгилегендей, жаңы дайындалган жетекчинин орун басары өзүнүн милдеттерин натыйжалуу аткаруу үчүн зарыл болгон тажрыйбага жана кесиптик билимге ээ.Ал Кубанычбек Ысабековдун салык системасы, анын процесстери жана Салык кызматынын ишмердүүлүгүнүн негизги багыттары менен жакшы тааныш экендигин белгиледи. Кубанычбек Ысабеков буга чейин Экономика жана коммерция министрлигинин салык саясаты башкармалыгынын башчысы болуп эмгектенген.
2026-жылдын 1-январынан тарта төрт баладан көп төрөгөн энелер акчалай колдоо алышат. Тиешелүү жарлыкка президент Садыр Жапаров кол койду. Ага ылайык, төртүнчү баласын 2026-жылдын 1-январынан тартып төрөгөн көп балалуу энелерге бир жолку "Бала Береке" төлөмү белгиленет. "Бала Береке" төлөмү төмөнкүдөй белгиленген: 4-бала — 100 миң сом; 5-бала — 600 жүз миң сом; 6-бала — 800 жүз миң сом; 7-бала — 1 000 000 сом; 8-бала — 1 миллион 200 жүз миң сом; 9-бала — 1 миллион 500 беш жүз миң сом; 10унчу жана андан кийинки бала — 2 миллион сом. Акча каражаты бала бир жашка толгондо берилет. Ошондой эле министрлер кабинети 6 ай ичинде бул төлөмдөрдүн тартибин жана шартын иштеп чыгып, каржылоо булактарын аныкташы керектиги кошумчаланган.
Үстүбүздөгү жылдын 30-сентябрына карата Кыргызстандын мамлекеттик карызы 6 миллиард 617 миллион долларды түздү. Каржы министрлигинин сайтындагы маалыматка караганда, тышкы карыз 4 миллиард 562,34 миллион долларды, ал эми ички карыз 2 миллиард 54,66 миллион долларды түздү. 2023-жылдын 31-декабрына салыштырмалуу тышкы карыз 90,3 миллион долларга азайган. Ички карыз тескерисинче, 426,86 миллион долларга өскөн. Жалпысынан быйыл мамлекеттик карыздын көлөмү 336,5 млн долларга көбөйгөн. Тышкы карыздын басымдуу бөлүгү Кытайдын Экспорттук-импорттук банкына туура келет, ал 1 млрд 658,48 доллар (36,4%).
Париждеги Олимпиада оюндарынын бокс боюнча күмүш медалынын ээси, мушкер Мунарбек Сейитбек уулу III даражадагы “Манас” ордени менен сыйланды. Президент Садыр Жапаровдун Мамлекеттик сыйлыктар менен сыйлоо жөнүндө жарлыгына ылайык, сыйлык Мунарбек Сейитбек уулуна Дене тарбияны жана спортту өнүктүрүүгө кошкон зор салымы жана спорттук жетишкендиктери үчүн берилди. Мунарбек Сейитбек уулу Кыргызстандын бокс боюнча улуттук курама командасынын мүчөсү. Спортчу кыргыз боксунун тарыхында биринчи жолу Олимпиадага жолдомо уткан мушкер. Ал Парижде өткөн Олимпиада оюндарында финалга чыгып, күмүш байгеге татыган. 2023-жылы дүйнө чемпионатында коло медаль уткан.ЭМИ ВАЛЮТА КУРСУ МЕНЕН ТААНЫШЫП АЛЫНЫЗДАР: Улуттук банктын билдирүүсү боюнча ушул тапта: 1 АКШ доллары 87 сомго евро 90 сом 55 тыйынга рубль 84 тыйынга Казак тенгеси 17 тыйынга барабар МУНАЙ БААСЫ Бишкекте орточо эсеп менен алганда Аи 92 үлгүсүндөгү бензин 66 сом 90 тыйындан баштап, 67 сом 40 тыйынга чейин, Аи 95 үлгүсүндөгү күйүүчү май 74 сом 40 тыйындан 75 сом 40 тыйынга чейин, дизель майы 74 сом 80 тыйындан, 75 сом 30 тыйынга дейре, ал эми унаа газынын литри 37 сомдон сатылууда АБА ЫРАЙЫ 24-декабрга караган түнү жаан-чачын күтүлбөйт. Айрым жерлерге туман түшөт. 24-декабрь, шейшембиде күн ачык, жолдор тоңголок жана тайгак болот. Түштүк-чыгыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 3-8 метрге жетет. Мындай маалыматты Кыргызгидромет таратты. Абанын температурасы Чүй, Ысык-Көл өрөөндөрүндө 0...+5, Талас, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында +2....+7 градус жылуу болсо, Нарын жергесинде -1...-6 градус суук болору айтылды. Күндүн табы Бишкекте +2...+4, Ош шаарында +5...+7 градуска чейин көтөрүлөт.